СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Соцтармактар балаңарга терс таасир этип жатабы? Ыйык Китеп ата-энелерге кандайча жардам берет?
«Жаштардын арасында акыл-эс саламаттыгынын кризиси барган сайын күч алууда. Мунун негизги себептеринин бири — соцтармактар» (АКШнын башкы хирургу Доктор Вивек Мурти, «Нью-Йорк таймс», 17-июнь, 2024-жыл).
Ата-энелер балдарын соцтармактардын залакалуу таасиринен кантип калкалай алышат? Ыйык Китептен буга байланыштуу даанышман кеңештерди таба алабыз.
Ата-энелер эмне кылса болот?
Төмөнкү Ыйык Китептеги принциптер тууралуу ой жүгүрткүлө:
«Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).
Соцтармактар балаңарга терс таасир этет. Андыктан аны колдонгонго сөзсүз уруксат беришим керек деп ойлобогула. Уруксат бергенге чейин мындай деп ойлонуп көргүлө: «Балам соцтармактарды чеги менен колдонобу? Жакшы чөйрө тандай алабы? Жаман нерселерди четке кагабы?»
Көбүрөөк билиш үчүн «Балам соцтармактарды колдонушу керекпи?» жана «Балаңарга соцтармактарды туура колдонгонду үйрөткүлө» деген макалаларды окуп көргүлө.
«Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:16).
Балаңарга соцтармактарды колдонгонго уруксат бергенге чейин белгилүү бир эрежелерди киргизип, ошол эрежелердин аларды кандайча коргоорун түшүндүрүп бергиле. Эгер балаңардын жүрүм-туруму жаман жакка өзгөрүп баштаганын байкасаңар, балким, кошумча чектерди киргизишиңер керек болоттур.
Балаңарга соцтармактарга байланыштуу айрым чектерди эмне үчүн киргизип жатканыңарды түшүндүрүш үчүн «Социалдык тармактарды колдонууда акыл-эстүү бол» деген видеону колдонгула.
Көбүрөөк билиш үчүн
Ыйык Китепте айтылгандай, биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1—5). Ошондай эле анда убакыт сынагынан өткөн, иш жүзүндө колдонорлук кеңештер жазылган. Алсак, сайтыбыздагы бир макалада 20дан ашык шилтеме келтирилет. Анда балдардын акыл-эс саламаттыгына байланыштуу Ыйык Китепке негизделген кеңештер камтылат. Алар ата-энелерге да, балдарга да пайдалуу.