Башталыш 11:1—32
11 Ошол кезде жер жүзүндөгү адамдардын баары бир тилде сүйлөп, бирдей сөздөрдү колдонушчу.
2 Алар чыгышты көздөй жылып отуруп, Шынар жеринен+ бир түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.
3 Анан бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы»,— дешти. Ошентип, таштын ордуна кыш, ылайдын ордуна чайыр* колдоно башташты.
4 Алар: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн,+ келгиле, өзүбүзгө шаар менен асман тиреген мунара куралы да, атыбызды чыгаралы»,— дешти.
5 Жахаба адамдарга көңүл буруп, алардын шаар менен мунара куруп жатканын көрдү.
6 Анан Жахаба: «Булардын баары бир эл, бир тилде сүйлөшөт.+ Ошон үчүн ушинтип жатышат. Эми эмнени ойлошсо, ошону сөзсүз кылышат.
7 Буларды ар кайсы тилде сүйлөтүп салалы,+ бири-бирин түшүнбөй калышсын»,— деди.
8 Ошентип, Жахаба аларды бүт жер жүзүнө чачыратып жиберди.+ Ошол себептен алар шаарды курганын токтотушту.
9 Ушундан улам ал шаар Бабыл*+ деп аталып калган. Себеби Жахаба ошол жерде адамдарды ар кайсы тилде сүйлөтүп койгон*. Анан Жахаба аларды бүт жер бетине чачыратып жиберген.
10 Шемдин+ жашоосу жөнүндөгү баян.
Топон суудан 2 жыл өткөндөн кийин Арпакшат+ төрөлгөндө, Шем 100 жашта эле.
11 Арпакшат төрөлгөндөн кийин, Шем 500 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.+
12 Арпакшат 35 жашка чыкканда Шелах+ деген уулдуу болгон.
13 Шелах төрөлгөндөн кийин, Арпакшат 403 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
14 Шелах 30 жашка чыкканда Эбер+ деген уулдуу болгон.
15 Эбер төрөлгөндөн кийин, Шелах 403 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
16 Эбер 34 жашка чыкканда Пелек+ деген уулдуу болгон.
17 Пелек төрөлгөндөн кийин, Эбер 430 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
18 Пелек 30 жашка чыкканда Реу+ деген уулдуу болгон.
19 Реу төрөлгөндөн кийин, Пелек 209 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
20 Реу 32 жашка чыкканда Серук деген уулдуу болгон.
21 Серук төрөлгөндөн кийин, Реу 207 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
22 Серук 30 жашка чыкканда Нахор деген уулдуу болгон.
23 Нахор төрөлгөндөн кийин, Серук 200 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
24 Нахор 29 жашка чыкканда Терах+ деген уулдуу болгон.
25 Терах төрөлгөндөн кийин, Нахор 119 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон.
26 Терах 70 жашка чыккандан кийин, андан Ыбрам,+ Нахор,+ Харан төрөлгөн.
27 Терахтын жашоосу жөнүндөгү баян.
Терахтан Ыбрам, Нахор, Харан төрөлгөн. Харандан Лот+ төрөлгөн.
28 Харан, атасы Терах тирүү кезде эле, өзү туулган каздимдиктердин*+ Ур+ деген шаарында көз жумган.
29 Кийинчерээк Ыбрам да, Нахор да үйлөнгөн. Ыбрамдын аялынын аты Сара,+ Нахордун аялыныкы Милка+ эле. Ал Харандын кызы болчу. Харан Милка менен Исканын атасы болгон.
30 Сара төрөбөс болгондуктан,+ балдары жок эле.
31 Терах уулу Ыбрамды, Харандын баласы болгон небереси Лотту+ жана Ыбрамдын аялын, келини Сараны, алып, Каздимдеги Урдан чыкты. Алар аны менен чогуу Канаан жерин+ көздөй жөнөштү. Бир нече убактан кийин Харанга+ жетип, ошол жерге отурукташышты.
32 Терах 205 жашка чыгып, Харанда көз жумду.
Шилтемелер
^ Же: «асфальт; битум». Табигый асфальтты билдирет.
^ Мааниси: «аралашуу».
^ Сөзмө-сөз: «тилин аралаштырып салган».