Забур 56:1—13

  • Куугунтукталганда Кудайдан тиленүү

    • «Мен Кудайга таянам» (4)

    • «Көз жашымды чаначыңа сактап кой» (8)

    • «Көр пенде мага эмне кыла алат?» (4,11)

Жетекчиге. «Алыстагы үндөбөгөн көгүчкөн» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. Миктам. Аны Гаттан пелиштиликтер кармап алган убакта жазылган.+ 56  Оо, Кудай, ырайым кыла көр, анткени ажалдуу пенде мага кол* салып жатат,Эртеден кечке мени менен салгылашып, кысым көрсөтүп жатат.  2  Душмандарым күнү бою мага тишин салып жатышат,Көптөр менменсинип каршы чыгып жатышат.  3  Коркунуч басканда,+ мен сага таянам.+  4  Мен Кудайга таянам,Берген убадасы үчүн өзүм даңктаган Кудайга таянам,Эч нерседен коркпойм. Көр пенде мага эмне кыла алат?+  5  Алар мага күн сайын бут тосушат,Жамандык кылууну гана ойлоп турушат.+  6  Кол салыш үчүн жашырынып жатышат,Жанымды алууну көздөп,+Ар бир кадамымды аңдышат.+  7  Оо, Кудай, кыянаттыгы үчүн аларга тиешесин бер,Каарың менен элдерди жок кыл.+  8  Менин качкын болуп жүргөндөгү ар бир кадамымды жакшы билесиң.+ Ошон үчүн бүт көз жашымды чаначыңа сактап кой.+ Анын баары китебиңе жазылган эмеспи?+  9  Сени жардамга чакырган күнү душмандарым артка чегинет.+ Кудай мен тарапта, мындан эч шектенбейм.+ 10  Берген убадасы үчүн өзүм даңктаган Кудайга таянам,Берген убадасы үчүн өзүм даңктаган Жахабага таянам. 11  Мен Кудайга таянам, эч нерседен коркпойм.+ Көр пенде мага эмне кыла алат?+ 12  Оо, Кудай, сага берген анттарымды аткарам,+Ыраазычылыгымды сага тартуу кылам.+ 13  Анткени, Кудайым, сенин алдыңда тирүүлөрдүн арасында жүрүшүм үчүн,+Жанымды өлүмдөн куткардың,+Бутумду мүдүрүлүүдөн сактадың.+

Шилтемелер

Же: «тишин».