Корунттуктарга 1-кат 15:1—58

  • Машаяктын тирилиши (1—11)

  • Тирилүү — ишенимдин негизи (12—19)

  • Машаяктын тирилгени — кепилдик (20—34)

  • Жердегилердин денеси башка, асмандагылардын денеси башка (35—49)

  • Өлбөс жана чирибес дене (50—57)

  • «Теңирдин ишин аткарыш үчүн дайыма көп эмгектенгиле» (58)

15  Эми, бир туугандарым, силерге жарыялаган жакшы кабарды кайрадан эсиңерге салайын.+ Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар. 2  Мен жарыялаган ошол жакшы кабарга болгон ишенимиңерге бекем карманып жатсаңар, ошол кабар аркылуу куткарылып жатасыңар. Эгер карманбасаңар, Исанын жолдоочусу болгонуңардын пайдасы жок. 3  Себеби өзүм кабыл алып, силерге айткан эң маанилүү нерселердин бири бул: Ыйык Жазмага ылайык, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп,+ 4  көргө коюлган+ жана Ыйык Жазмага ылайык,+ үчүнчү күнү+ тирилген.+ 5  Анан Кейфага,+ кийин 12 элчисине көрүнгөн.+ 6  Андан соң бир эле учурда 500дөн ашык боордошубузга көрүнгөн.+ Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт, кээ бирлеринин болсо көзү өтүп кеткен. 7  Андан кийин Жакыпка,+ анан элчилердин баарына көрүнгөн.+ 8  Эң акырында болсо ара төрөлгөн балага окшогон мага да көрүнгөн.+ 9  Мен элчилердин ичинен эң төмөн турам, атүгүл элчи деп аталганга да татыксызмын, анткени мурун Кудайдын элин* куугунтуктап жүргөм.+ 10  Бирок Кудайдын мага ырайым кылганынын аркасында азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага көрсөткөн ырайымы текке кеткен жок, себеби мен башка элчилердин баарынан көп эмгектенип, көп иштерди жасадым, бирок анын баарын өз күчүм менен эмес, Кудайдын ырайымынын аркасында кылдым. 11  Мен да, башка элчилер да — баарыбыз бир эле кабарды айтып жатабыз, силер болсо ошол кабарга ишендиңер. 12  Анан эми Машаяктын тирилгени жөнүндө кабар айтып жатсак,+ айрымдарыңардын өлгөндөр тирилбейт дегени кандай? 13  Эгер өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес. 14  Ал эми Машаяк тирилбесе, анда, албетте, жакшы кабарды айтканыбыздын да, ишенгенибиздин да пайдасы жок. 15  Андан тышкары, өлгөндөр тирилбесе, анда Кудай да Машаякты тирилткен эмес. Эгер ошондой болсо, Кудай Машаякты тирилтти деп,+ ал жөнүндө калп айткан болобуз.+ 16  Ооба, өлгөндөр тирилбесе, демек, Машаяк да тирилген эмес. 17  Эгер Машаяк тирилбесе, анда ишенгениңер да куру бекер, күнөөлөрүңөр да кечирилген жок.+ 18  Андай болсо, Машаяктын шакирти болуп жүрүп көзү өтүп кеткендер да биротоло жок болушту.+ 19  Эгер азыр тирүү жүргөн кезибизде гана Машаякка үмүттөнсөк, анда биз баарынан шордуубуз. 20  Бирок, чындыгында, Машаяк тирилген. Ал өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилип, биринчи түшүм сыяктуу болуп калган.+ 21  Өлүм бир адамдын айынан пайда болгондой эле,+ өлгөндөр да бир адамдын аркасы менен тирилет.+ 22  Анткени Адам атанын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле,+ Машаяк аркылуу баары өмүр алышат.+ 23  Бирок баары өз кезеги менен тирилет: биринчи Машаяк тирилген*,+ андан кийин, ал кайра келген убакта*, ага таандык болгондор тирилет.+ 24  Эң аягында Машаяк бардык өкмөттөрдү, бийликтер менен башкаруучуларды жок кылып, Падышалыкты өзүнүн Кудайына жана Атасына өткөрүп берет.+ 25  Анткени Машаяк, Кудай душмандардын баарын анын бут алдына жыкканга чейин, падышалык кылышы керек.+ 26  Душмандардын ичинен эң акыркы болуп өлүм жок кылынат.+ 27  Себеби Ыйык Жазмада айтылгандай, Кудай «баарын анын бут алдына жыгып, ага баш ийдирген».+ Бирок «баары... ага баш ийдирилди»+ делгени менен, албетте, алардын ичине ага баарын баш ийдирген Кудайдын өзү кирбейт.+ 28  Баары Уулуна баш ийдирилгенден кийин, Уулу өзү да ага баарын баш ийдирген Кудайга баш иет.+ Ошентип, Кудай баарынын жалгыз Башкаруучусу болот.+ 29  Эгер өлгөндөр тирилбесе, өлүш үчүн чөмүлүп жаткандарга эмне пайда?+ Өлгөндөр такыр тирилбей турган болсо, аларга өлүш үчүн чөмүлгөндүн эмне кереги бар? 30  Бизге да саат сайын* өмүрүбүздү тобокелге салыштын кандай зарылдыгы бар?+ 31  Мен күнүгө өлүм менен беттешем. Туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын шакирттери болгон силер менен сыймыктана кубанып жатканым чындык болгондой эле, бул да чындык. 32  Эгер мен Эфесте жырткычтар менен башкалардай эле болуп* күрөшкөн болсом,+ андан мага эмне пайда? Эгер өлгөндөр тирилбесе, «анда ичип-жейли, эртең баары бир өлөбүз».+ 33  Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды* бузат.+ 34  Эсиңерге келгиле, адил иштерди кылгыла, күнөөгө батпагыла. Анткени айрымдарыңар Кудайды билбейсиңер. Муну силерди уяткарыш үчүн айтып жатам. 35  Анткен менен кимдир бирөө: «Өлгөндөр кантип тирилет? Алардын денеси кандай болот?» — деши мүмкүн.+ 36  Акылы жок! Сепкен нерсең өлбөсө, өнүп чыкпайт. 37  Сепкенде өсүп чыга турган өсүмдүктүн өзүн* сеппейсиң. Буудай болобу же башка өсүмдүк болобу, анын уругун себесиң. 38  Бирок Кудай аны өзү каалагандай өстүрөт*; себилген ар түрдүү уруктар өсүп чыккандан кийин бири-бирине окшош болбойт. 39  Денелердин баары бирдей эмес: адамдын денеси башка, малдыкы башка, канаттуунуку башка, балыктыкы башка. 40  Асманда жашагандар бар,+ жерде жашагандар да бар.+ Бирок асмандагылардын денесинин көркү башка, жердегилердики башка. 41  Күндүн, айдын,+ жылдыздардын көркү да бири-бириникинен айырмаланат. Чынында, жылдыздар да көркү боюнча бири-биринен айырмаланып турат. 42  Тирилгендер жөнүндө да ушуну айтса болот. Себилген үрөн сыяктуу эле, өлгөн кишинин да денеси чирийт, бирок кайра чирибес болуп тирилет.+ 43  Көмүлгөндө* барксыз болуп, тирилгенден кийин даңктуу болот.+ Көмүлгөндө алсыз болуп, тирилгенде күчтүү болот.+ 44  Көмүлгөндө кадимки адамдын денеси болсо, тирилгенде асманда жашагандардыкындай дене болот. Кадимки дене бар болгондой эле, асманда жашагандардыкындай да дене бар. 45  Ыйык Жазмада: «Биринчи киши — Адам ата — тирүү жан болуп калды»,— деп жазылган.+ Ал эми акыркы Адам* өмүр берүүчү рух болуп калды.+ 46  Бирок адегенде асманда жашагандардыкындай эмес, кадимки дене болгон. Андан кийин асмандагылардыкындай дене болгон. 47  Биринчи адам жерден; ал топурактан жаратылган.+ Ал эми экинчи адам асмандан.+ 48  Топурактан жаратылган ошол адам кандай болсо, топурактан жаратылгандар да ошондой. Асмандан келген кандай болсо, асманда жашагандар да ошондой.+ 49  Биз азыр топурактан жаратылган адамга окшош болгондой эле,+ кийин асмандан келгенге окшош болобуз.+ 50  Боордошторум, силерге айтарым, чирий турган дене чирибес өмүрдү мурастай албагандай эле, эт менен кандан турган дене да Кудайдын Падышалыгын мурастай албайт. 51  Силерге бир ыйык сыр айтайын: баарыбыз эле өлүм уйкусунда жата бербейбиз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз.+ 52  Бир заматта, көз ачып-жумгуча, акыркы сурнай тартылып жатканда өзгөрүлөбүз. Сурнай тартылганда,+ өлгөндөр чирибес болуп тирилишет да, биз өзгөрүлөбүз. 53  Себеби чирий турган дене чирибей турганга,+ өлө турган дене өлбөй турганга айланышы керек.+ 54  Чирий турган дене чирибей турганга, өлө турган дене өлбөй турганга айланганда, Ыйык Жазмадагы: «Өлүм түбөлүккө жок кылынат»,— деген сөздөр аткарылат.+ 55  «Өлүм, сенин жеңгениң кана? Өлүм, уу тишиң* кайда?»+ 56  Өлүмгө дуушар кыла турган уу тиш — бул күнөө.+ Күнөө болсо күчтү Мыйзамдан* алат.+ 57  Бирок Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу бизге өлүмдү жеңгенге жардам берип жатканы үчүн Кудайга алкыш!+ 58  Ошон үчүн, сүйүктүү бир туугандарым, бекем,+ туруктуу болгула жана Теңирдин* алдында эмгегиңер текке кетпей турганын билип,+ Теңирдин ишин аткарыш үчүн дайыма көп эмгектенгиле.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жыйналышын».
Сөзмө-сөз: «биринчи түшүм — Машаяк».
Грекче парусиа. Сөздүктү кара.
Же: «дайыма».
Же балким: «пенделик көз карашта болуп» же «пенделик ниет менен».
Же: «адеп-ахлактуулукту».
Сөзмө-сөз: «денени».
Сөзмө-сөз: «ага өзү каалагандай дене берет».
Сөзмө-сөз: «Себилгенде».
Бул Исаны билдирет.
Же: «чага турган ийнең».
Муса пайгамбардын Мыйзамын билдирет.
Же: «Мырзабыздын». Грекче Кириос.