Лебилер 8:1—36

  • Арун менен уулдарынын дин кызматчылыкка дайындалышы (1—36)

8  Жахаба Мусага дагы: 2  «Арун менен уулдарын,+ алардын кийимдерин,+ ыйык майды*,+ күнөө үчүн курмандыкка чалына турган буканы, эки кочкорду, ачыткы кошулбай жасалган нандар салынган себетти алып келип,+ 3  бүт жамаатты жолугушуу чатырынын алдына чогулт»,— деди. 4  Муса Жахаба айткандай кылды. Бүт жамаат жолугушуу чатырынын алдына чогулду. 5  Ошондо Муса аларга: «Жахаба мындай кылгыла деп буйрук кылды»,— деди да, 6  Арун менен уулдарын алып келип, жуунгула деп айтты*.+ 7  Андан кийин Арунга узун көйнөк кийгизип,+ белин кур менен курчады.+ Анын үстүнөн жеңи жок көйнөк+ менен эфодду*+ кийгизип, эфоддун курун байлады.+ 8  Андан соң төш жапкычты*+ тагып, ага урим менен тумимди*+ салды. 9  Башына болсо чалма кийгизип,+ маңдай жагына жалтыраган алтын тасманы — ыйык белгини*+ — такты. Муса ушунун баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 10  Анан ал ыйык майды алып, ыйык чатырды, анын ичиндеги нерселердин баарын+ майлап, аларды ыйыктады, тактап айтканда, ыйык кызматка арнады. 11  Андан кийин майдан курмандык жайына 7 жолу чачыратып, курмандык жайын, ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казанды, түпкүчүн майлап, ыйыктады. 12  Акырында Арундун башына ыйык майдан куюп, аны да ыйыкташ үчүн майлады.+ 13  Андан соң Арундун уулдарын алып келип, узун көйнөктөрдү кийгизди да, белдерин кур менен курчап, баштарына баш кийим кийгизди.+ Жахаба кандай буйрук кылса, Муса так ошондой кылды. 14  Анан күнөө үчүн курмандыкка чалына турган буканы алып келди. Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту.+ 15  Муса аны союп, канына манжасын малып,+ курмандык жайынын мүйүздөрүнүн ар бирине сыйпап, курмандык жайын күнөөдөн арылтты. Калган канды болсо курмандык жайынын түбүнө төктү. Үстүндө күнөөдөн арылта турган курмандыктар чалынышы үчүн, аны ушинтип ыйыктады. 16  Анан буканын бүт ич майын, боорундагы майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын алып, баарын курмандык жайынын үстүндө өрттөдү.+ 17  Ал эми буканын калганын териси, эти, кан-жини менен кошо конуштун сыртына алып барып өрттөдү.+ Муса ушунун баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 18  Андан кийин ал бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалына турган кочкорду алып келди. Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту.+ 19  Муса аны союп, канын курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты. 20  Кочкордун этин бөлүп, башын, бөлүнгөн этин, майын* курмандык жайына койду. 21  Ошентип, ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, кочкорду бүт бойдон курмандык жайында өрттөдү. Бул — жыты жагымдуу бүтүндөй өрттөлчү курмандык, Жахабага арналган өрттөлчү тартуу. Муса ушунун баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 22  Анан экинчи кочкорду, дин кызматчылыкка дайындаш үчүн курмандыкка чалына турган кочкорду, алып келди.+ Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту.+ 23  Муса аны союп, канынан алды да, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөдү. 24  Андан соң Арундун уулдарын алып келип, алардын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына кочкордун канынан сүйкөдү. Калган канды болсо курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты.+ 25  Андан кийин кочкордун майын, куйрук майын, бүт ич майын, боорундагы майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, оң санын алды.+ 26  Ошондой эле Жахабанын алдындагы ачыткы кошулбай жасалган нан салынган себеттеги ортосу оюк токочтон,+ май кошулган ортосу оюк токочтон,+ каламадан бирден алып, кочкордун майынын, оң санынын үстүнө койду. 27  Анан алардын баарын Арун менен уулдарынын колдоруна коюп, Жахабанын алдында чайпалта турган курмандык катары ары-бери чайпады. 28  Андан кийин бардыгын алардын колунан кайра алып, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктын үстүнө коюп, курмандык жайында өрттөдү. Бул — кимдир бирөөнү дин кызматчылыкка дайындаганда чалынган жыты жагымдуу курмандык, Жахабага арналган өрттөлчү тартуу. 29  Анан Муса кочкордун төшүн алып, Жахабанын алдында чайпалта турган курмандык катары ары-бери чайпады.+ Дин кызматчылыкка дайындаш үчүн чалынган кочкордон Мусага тийген үлүш — ушул. Муса ушунун баарын Жахаба ага буйругандай кылды.+ 30  Анан ыйык май*+ менен курмандык жайындагы кандан алып, Арунга, анын кийимине, ошондой эле уулдарына жана алардын кийимдерине чачыратты. Ал Арун менен уулдарын,+ алардын кийимдерин ошентип ыйыктады.+ 31  Андан кийин Арун менен уулдарына мындай деди: «Этти жолугушуу чатырынын кире беришинде бышырып,+ себеттеги* нан менен кошо ошол жерде жегиле. Себеби Кудай мага: „Аны Арун менен уулдары жесин“,+— деп буйрук кылган. 32  Эт менен нандын артып калганын өрттөп салгыла.+ 33  Дин кызматчылыкка дайындай турган күндөр бүтмөйүнчө, 7 күн жолугушуу чатырынын кире беришинен кетпегиле. Анткени силерди дин кызматчылыкка дайындаш үчүн 7 күн керек.+ 34  Жахаба бүгүн кылынган нерселерди силерди күнөөдөн арылтыш үчүн кылышыбыз керектигин буйрук кылды.+ 35  Өлүп калбашыңар үчүн 7 күн+ бою күнү-түнү жолугушуу чатырынын кире беришинде болуп, Жахабанын алдындагы милдетиңерди аткаргыла.+ Себеби ал мага ушундай буйрук кылган». 36  Арун менен уулдары Жахаба Муса аркылуу буйрук кылгандардын баарын аткарышты.

Шилтемелер

Мындай май кимдир бирөөнү кызматка дайындаганда майлаш үчүн колдонулчу.
Сөзмө-сөз: «аларды сууга жуунтту».
Сыягы, кишинин алдын, артын жапкан, алжапкычка окшогон кийим.
Же: «Арундун Кудайга арналганын көрсөтүп турган ыйык белгини».
Же: «бөйрөк майын».
Мындай май кимдир бирөөнү кызматка дайындаганда майлоо үчүн колдонулчу.
Же: «дин кызматчылыкка дайындаганда колдонулган себеттеги».