Падышалар 2-китеп 13:1—25

  • Жахаз Ысрайылга падыша болот (1—9)

  • Жааш Ысрайылга падыша болот (10—13)

  • Элиша Жааштын ынтасын текшерет (14—19)

  • Элиша көз жумат; анын сөөгүнө тиери менен өлгөн бир киши тирилет (20, 21)

  • Элишанын акыркы пайгамбарлык сөзү аткарылат (22—25)

13  Жүйүттүн падышасы Ахазия+ уулу Жааштын+ башкаруусунун жыйырма үчүнчү жылында Жехунун+ уулу Жахаз Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал 17 жыл башкарды. 2  Жахаз Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла берди, ысрайыл элин күнөөгө түрткөн Небат уулу Жеробамдын жолун жолдоп,+ күнөө кылганын токтоткон жок. 3  Ошон үчүн Жахабанын ысрайылдыктарга+ каары кайнап,+ аларды Сириянын падышасы Хазаелдин+ жана анын уулу Бенадаттын+ колуна бир топ жылга салып берди. 4  Акыры, Жахаз Жахаба Кудайга жалбарып, ырайым кылышын суранды, ошондо Жахаба анын үнүн укту. Анткени Кудай Сириянын падышасынын ысрайылдыктарды канчалык кысымга алып жатканын көрүп турган эле.+ 5  Жахаба ысрайылдыктарды куткара турган, Сириянын эзүүсүнөн бошото турган бирөөнү жиберди.+ Ошондон кийин алар мурдагыдай эле бейкапар жашап калышты. 6  (Бирок алар ысрайыл элин күнөөгө түрткөн Жеробамдын үйүндөгүлөрүнө окшоп күнөө кылып,+ ошол жолунан кайтышкан жок. Самариядагы ыйык мамы+ да жок кылынган жок.) 7  Сириянын падышасы Жахаздын аскерлерин кырып,+ эгин бастырганда тапталган топурактай кылып салгандыктан,+ анын 50 атчаны, 10 арабасы, 10 000 жөө аскери эле калган болчу. 8  Жахаздын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 9  Акыры, Жахаз көз жумуп, сөөгү Самарияга коюлду.+ Анын ордуна уулу Жааш падыша болду. 10  Жахаздын уулу Жааш+ Жүйүттүн падышасы Жааштын башкаруусунун отуз жетинчи жылында Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал 16 жыл башкарды. 11  Жааш Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды. Ал ысрайыл элин күнөөгө түрткөн Небат уулу Жеробам кылган күнөөлөрдүн баарын кылып,+ ошол жолунан кайткан жок. 12  Жааштын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы, Жүйүттүн падышасы Амазия+ менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 13  Акыры, Жааш көз жумуп, ордуна уулу Жеробам*+ такка отурду. Жааштын сөөгүн Самарияга, Ысрайылдын падышалары коюлган жерге коюшту.+ 14  Элиша+ катуу ооруп, өлүм алдында жатканда, Ысрайылдын падышасы Жааш келип, аны кучактап: «Ата, ата! Ысрайылдын арабасы менен атчандары!*»+ — деп ыйлады. 15  Элиша Ысрайылдын падышасына: «Жаа менен жебелерди ал»,— деди. Ал алды. 16  Анан Элиша: «Эми жааны тартып тур»,— деди. Ал жааны тартып турганда, Элиша анын колдорунун үстүнө колдорун койду. 17  Анан ага: «Чыгышка караган терезени ач»,— деди. Жааш терезени ачканда, Элиша: «Эми ат!» — деди. Ал жааны атты. Ошондо Элиша: «Бул — Жахабанын жеңишке жеткире турган* жебеси, Сирияны жеңе турган жебе! Сен Апекте+ сириялыктардын таш талканын чыгарасың»,— деди. 18  Андан кийин Элиша Ысрайылдын падышасына: «Эми жебелерди ал»,— деди. Ал алды. Анан Элиша ага: «Жебелерди жерге чап»,— деди. Жааш үч жолу чаап, токтоп калды. 19  Ошондо чыныгы Кудайдын кишиси ага ачууланып: «Беш-алты жолу чаппайт белең! Ошондо сириялыктарды биротоло талкаламаксың. Эми аларды үч эле жолу жеңесиң»,— деди.+ 20  Ошондон кийин Элиша көз жумуп, сөөгүн жерге беришти. Жыл сайын жылдын башында* мааптыктар+ келип, Ысрайыл жерин тоноп кетишчү. 21  Бир жолу ысрайыл элинин арасынан бирөөлөр бир кишинин сөөгүн койгону жатып мааптык талап-тоноочулардын келатканын көрүп калышты. Анан сөөктү Элишанын мүрзөсүнө таштай салып, качып кетишти. Элишанын сөөгүнө тиери менен, өлгөн киши тирилип,+ туруп кетти. 22  Сириянын падышасы Хазаел+ Жахаздын убагында ысрайылдыктарга дайыма кысым көрсөтүп турду.+ 23  Бирок Жахаба аларга Ыбрайым,+ Ыскак+ жана Жакып+ менен түзгөн келишими үчүн боор ооруп, ырайым кылды.+ Ал аларды жок кылгысы келген жок, ушул күнгө чейин аларга кам көрүп келатат. 24  Сириянын падышасы Хазаел өлгөндө, ордуна уулу Бенадат падыша болду. 25  Хазаел бир кезде Жааштын атасы Жахаздан айрым шаарларын тартып алган эле. Жааш ошол шаарларды Хазаелдин уулу Бенадаттан кайра тартып алды. Жааш аны 3 жолу жеңип,+ Ысрайылдын шаарларын кайтарып алды.

Шилтемелер

Б. а. Жеробам II.
Бул сөздөр Кудайдан же анын өкүлдөрүнөн жардам сурап өтүнүүнү билдириши мүмкүн.
Же: «куткара турган».
Сыягы, жазында.