Шемуелдин 1-китеби 25:1—44

  • Шемуелдин көз жумушу (1)

  • Набал Дөөтүнүн кишилерин кордоп кетирет (2—13)

  • Абигейил акылдуулук менен иш кылат (14—35)

    • Жахаба Дөөтүнү түйүнчөккө түйүлгөн кенчтей сактайт (29)

  • Жахаба Набалды өлтүрөт (36—38)

  • Дөөтү Абигейилди аялдыкка алат (39—44)

25  Арадан убакыт өтүп, Шемуел+ көз жумду. Бүт ысрайыл эли чогулуп, аны жоктоп ыйлады. Алар анын сөөгүн Рамадагы+ үйүнүн жанына коюшту. Андан соң Дөөтү Паран чөлүнө жөнөдү. 2  Ошол убакта Маондо+ бир киши жашачу, анын Кармелде*+ малы бар эле. Ал байлыгы ашып-ташыган киши болчу: анын 3 000 кою, 1 000 эчкиси бар эле. Ал Кармелде койлорун кыркып жаткан. 3  Анын аты Набал,+ ал эми аялыныкы Абигейил+ эле. Абигейил акылдуу, сулуу аял болчу. Күйөөсү болсо катаал, аябай начар киши болчу.+ Ал Калептин+ тукумдарынан эле. 4  Дөөтү чөлдө жүрүп Набалдын койлорун кыркып жатканын укту. 5  Ошондо ага 10 кишисин мындай деп жөнөттү: «Кармелге барып, Набалга жолугуп, менин атымдан ал-жайын сурагыла. 6  Анан ага: „Узак өмүр сүрүп, аман болуңуз, үйүңүздөгүлөр да аман болсун, эмнеңиз болсо, ошонун баарына береке болсун. 7  Сизди коюн кыркып жатат деп уктум. Кармелде койчуларыңыздын жанында жүргөндө биз аларга эч жамандык кылган эмеспиз,+ алардын эч нерсеси жоголгон эмес. 8  Өздөрүнөн деле сурап көрүңүз, айтып беришет. Сиздикине куттуу күнү келип отурабыз, кишилеримди жакшы кабыл алсаңыз экен. Кулдарыңызга, уулуңуз Дөөтүгө колуңуздан келген жардамыңызды бериңиз“,— дегиле».+ 9  Дөөтүнүн жигиттери Набалга барып, Дөөтүнүн айткандарын бүт айтып беришти. 10  Набал аларга: «Жышайдын уулу Дөөтү ким болуп калыптыр? Азыр мырзасынан качкан кулдар көп.+ 11  Эмне, наным менен суумду, кыркмачыларыма деген этти кайдагы бир селсаяктарга эле бере бермек белем?» — деди. 12  Дөөтүнүн жигиттери кайра ага кайтып келип, Набалдын айткандарын бүт айтып беришти. 13  Дөөтү ошол замат аларга: «Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлагыла!» — деди.+ Баары белине кылычын байлады. Дөөтү да белине кылычын байлады. Ошентип, 400гө жакын кишиси аны менен жөнөдү, ал эми 200 кишиси жүктүн жанында калды. 14  Ал ортодо Набалдын аялы Абигейилге кызматчыларынын бири келип: «Дөөтү биздин мырзабыздын ал-жайын сураганы* чөлдөн кишилерин жөнөтүптүр, бирок мырзабыз аларды кордоп, кетирип жиберди.+ 15  Алар бизге аябай жакшы мамиле кылышчу. Эч бир жамандыгын көргөн жокпуз. Талаада алардын жанында жүргөнүбүздө, эч нерсебиз жоголгон эмес.+ 16  Кой кайтарып жүргөнүбүздө, алар бизге күндүзү да, түнкүсүн да чеп болуп беришкен. 17  Эми өзүңүз эмне кылышты ойлонуп көрүңүз. Болбосо мырзабызды да, анын бүт үйүндөгүлөрүн да — баарыбызды балээ басканы турат.+ Мырзабыз болсо начар киши,+ аны менен сүйлөшө да албайсың»,— деди. 18  Абигейил+ ошол замат 200 нан, 2 чоң кумара шарап, 5 койдун этин, 5 кап* куурулган дан, ошондой эле жүзүмдүн ныкталган кагынан 100дү, анжирдин ныкталган кагынан 200дү алып, баарын эшектерге артты да,+ 19  кызматчыларына: «Силер алдыга түшүп бара бергиле, мен артыңардан барам»,— деди. Күйөөсүнө болсо эч нерсе айткан жок. 20  Абигейил эшек минип, тоонун аркы бети менен түшүп келатканда, Дөөтү менен кишилери берки бети менен баратышкан. Анан алар капысынан кезигип калышты. 21  Ага чейин Дөөтү: «Мен анын мал-мүлкүн талаада бекер эле кайтарган экенмин да. Ошол убакта анын эч нерсеси жоголгон эмес.+ Эми ал минтип жакшылыгыма жамандык кылып жатат.+ 22  Эгер таң атканга чейин Набал менен үйүндөгү эркек аттуунун баарын өлтүрбөсөм, Кудай душмандарымды* катуу жазаласын!» — деген болчу. 23  Дөөтүнү көрөрү менен Абигейил эшектен түшүп, анын алдына тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылды. 24  Анан бутуна жыгылып: «Күнөө менин мойнумда болсун, мырзам. Күңүңүзгө сүйлөгөнгө уруксат этиңиз, сөзүнө кулак сала көрүңүз. 25  Мырзам Набалга көңүл бурбай эле койсо экен, ал ошондой начар киши.+ Аты кандай болсо, заты да ошондой. Аты — Набал*, өзү да акылсыз. Мен болсо мырзамдын жиберген жигиттерин көргөн эмесмин. 26  Мырзам, тирүү Кудай Жахабанын алдында, сиздин алдыңызда чынын айтып жатам: канга забын болушуңузга,+ өч алышыңызга Жахаба өзү жол бербей жатат.+ Мырзама жамандык кылгысы келгендердин бардыгы, душмандарыңыздын баары Набалга окшоп калсын. 27  Бул тартууну*+ болсо мырзама артында келаткан жигиттерине бериш үчүн алып келдим.+ 28  Мырзам, күңүңүздүн күнөөсүн кечире көрүңүз. Жахаба сиздин тукумдарыңыздын падышалык бийлигин сөзсүз бекемдеп,+ алар узакка башкарышат. Анткени сиз Жахаба үчүн согушуп келатасыз,+ өмүрүңүздө бир да жамандык кылган жоксуз.+ 29  Эгер кимдир бирөө артыңыздан түшүп, сизди өлтүргүсү келсе, анда Жахаба Кудайыңыз сизди түйүнчөккө түйүлгөн баалуу кенчтей сактап жүрөт. Душмандарыңызды болсо салмоор менен таш ыргыткандай ыргытат. 30  Мырзам, Жахаба сизге убада кылган жакшылыктарынын баарын кылып, сизди Ысрайылга жол башчы кылат.+ 31  Ошондо азыр өч албаганыңыз үчүн, жөн жерден кан төкпөгөнүңүз үчүн өкүнбөйсүз, өзүңүздү жемелебейсиз.+ Жахаба мырзама жакшылык кылганда, күңүңүздү унута көрбөңүз»,— деди. 32  Ошондо Дөөтү Абигейилге: «Сени бүгүн мага жиберген Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк! 33  Кудай акылыңа береке берсин! Мени бүгүн канга забын болгондон,+ өз колум менен өч алгандан сактап калганың үчүн, сага батасын берсин. 34  Мени сага жамандык кылгандан сактап калган+ Ысрайылдын Кудайы Жахабанын алдында чынын айтам, эгер мага шашылыш келип жолукпаганыңда,+ таң атканга чейин Набалдын үйүндөгү эркек аттуунун бири да аман калбайт болчу»,— деди.+ 35  Анан Абигейилдин алып келгендерин алып, ага: «Үйүңө бара бер, эч кабатыр болбо. Сен айткандай кылам, өтүнүчүңдү аткарам»,— деди. 36  Абигейил үйүнө келсе, Набал падышаныкындай той өткөрүп жатыптыр, көңүлү шат экен. Ал абдан мас эле. Таң атканга чейин, Абигейил ага эч нерсе айткан жок. 37  Эртең менен Набал соолукканда, ага баарын айтып берди. Ошондо Набалдын жүрөгү токтоп калайын деди, ал таштай катып жатып калды. 38  Он күндөн кийин Жахаба Набалды өлтүрдү. Ошентип, ал өлдү. 39  Набалдын өлгөнүн угуп, Дөөтү: «Мени кордогону үчүн+ Набалга жазасын берген,+ өзүнүн кулун жаман иш кылгандан сактап калган+ Жахаба даңкталсын! Жахаба Набалдын жамандыгын өз башына түшүрдү!» — деди. Анан Абигейилге аны аялдыкка алгысы келерин айттырып жиберди. 40  Дөөтүнүн кишилери Кармелге барып, Абигейилге: «Дөөтү сени аялдыкка алгысы келип жатат, ошон үчүн бизди сени алып келгени жиберди»,— деп айтышты. 41  Абигейил ошол замат ордунан туруп, жерге чейин ийиле таазим кылды да: «Мырзама күң болуп, кызматчыларынын бутун жууганга даярмын»,+— деди. 42  Анан дароо эшекке минип, 5 күңү менен жолго чыкты. Ал+ Дөөтүнүн кишилери менен барып, анын аялы болуп калды. 43  Ага чейин Дөөтү изреилдик+ Акиноамды+ аялдыкка алган эле. Ошентип, экөө тең анын аялы болуп калды.+ 44  Шабул болсо кызы Михалды,+ Дөөтүнүн аялын, галимдик Лаиштин уулу Палтиге+ аялдыкка берип койгон эле.

Шилтемелер

Жүйүт жериндеги шаар, Кармел тоосу эмес.
Сөзмө-сөз: «мырзабызга бата бергени».
Сөзмө-сөз: «5 сата». 1 сата = 7,33 литр. Б14 тиркемесин кара.
Же балким: «мени».
Мааниси: «акылсыз».
Же: «батаны».