Эстер 4:1—17

  • Мордохай катуу кайгыга батат (1—5)

  • Мордохай Эстерден өз элин сактап калышын өтүнөт (6—17)

4  Бул жөнүндө билгенде+ Мордохай+ кийимин айрып, таар* жамынып, үстүнө күл чачты. Анан шаардын ортосуна барып, катуу боздоп ыйлады. 2  Ал падыша сарайынын дарбазасынын алдына чейин эле барды, анткени таар жамынган бир да киши андан ары өтчү эмес. 3  Падышанын буйругу жеткен дубандардын+ бардыгында жүйүттөр катуу кайгырып, орозо кармап,+ боздоп ыйлап, көптөрү таар менен күл төшөнүп жатышты.+ 4  Эстер канышага күңдөрү менен кулдары* барып, бардыгын айтып бергенде, ал аябай жаман болду. Ал Мордохайга таарын чечип, башка кийим кийсин деп кийим берип жиберди, бирок Мордохай албай койду. 5  Ошондо Эстер падышанын кызматчыларынын* бирин, өзүнө кызмат кылганга дайындалган Атахты, чакыртты. Анан эмне болгонун билип келиши үчүн, Мордохайга жөнөттү. 6  Атах ак сарайдын дарбазасынын алдындагы шаар аянтына барып, Мордохайга жолукту. 7  Мордохай ага эмне болгонун, ошондой эле Амандын жүйүттөрдү тукум курут кылыш үчүн+ падышанын казынасына канча акча+ берем деп убада кылганын бүт айтып берди. 8  Анан жүйүттөрдүн өлтүрүлүшү керектиги жөнүндөгү Шушанда+ жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн берди да, Эстерге көрсөтүп, баарын түшүндүрүп бериши керектигин айтты.+ Ошондой эле андан Эстерге өз элин сактап калыш үчүн падышага барып, ырайым кылышын өтүнсүн деп айттырып жиберди. 9  Атах Эстерге келип, Мордохайдын айткандарын айтып берди. 10  Ошондо Эстер аны кайра Мордохайга+ жөнөтүп: 11  «Падышанын ички короосуна+ чакырылбай туруп кирген эркекке да, аялга да бир эле өкүм чыгарылат: ал өлүм жазасына тартылат. Муну падышанын бүт кызматчылары, ага караштуу дубандарда жашаган элдин баары билет. Падыша кимге алтын таягын сунса,+ ошол гана аман калат. Мени болсо падыша 30 күндөн бери чакыра элек»,— деп айттырып жиберди. 12  Мордохай Эстердин айткандарын укканда 13  ага: «Падыша сарайында болгонуң үчүн эле „жүйүттөрдүн ичинен мен эле аман калам” деп ойлобо. 14  Эгер сен азыр унчукпай койсоң, жүйүттөргө жардам башка жактан келет,+ алар баары бир куткарылат. Сен болсо туугандарың менен кошо жок болосуң. Ким билет, балким, сен ушундай кыйын кезең үчүн канышалык даражага жеткендирсиң!»+ — деп айттырып жиберди. 15  Ошондо Эстер Мордохайга: 16  «Барып, Шушандагы жүйүттөрдүн баарын чогултуп, мен үчүн орозо кармагыла:+ үч күн+ күндүзү да, түнкүсүн да эч нерсе жебегиле, эч нерсе ичпегиле. Мен да күңдөрүм менен орозо кармайм. Анан мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм өлөм»,— деп айттырып жиберди. 17  Мордохай барып, баарын Эстер айткандай кылды.

Шилтемелер

Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
Сөзмө-сөз: «эбнухтары». Сөздүктү кара.
Сөзмө-сөз: «эбнухтарынын». Сөздүктү кара.