Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Львовдун жанындагы токойду тазалашты

Жахабанын Күбөлөрү Львовдун жанындагы токойду тазалашты

2017-жылдын 6-майында 130дай Жахабанын Күбөсү Львовдун (Украина) жанындагы Брюховичи токоюн тазалаганга жардам беришкен. Тазалаганы келген ыктыярчылардын кичүүсү 22 жашта, эң улуусу 80 жашта болду. Алардын баары ошол токойдун жанында жайгашкан Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы филиалында жашашат жана иштешет. Алар үч сааттын ичинде эле 50 гектар жерди тазалап, 600 килограммдай таштанды чогултушкан.

Токой чарбачылыгын өндүрүү борборунун башкы инженери Михайло Сплавинский мындай деген: «Токойду тазалоо боюнча жылдык иш-чараларды колдогондордун биринчилери Жахабанын Күбөлөрү болгон. Алар 2014-жылдан бери жыл сайын токойду тазалоого жардам берип келишет».

Эмне себептен токойду тазалоо зарыл?

Мунун себебин Михайло Сплавинский мындай деп түшүндүрөт: «Токойдо таштандылардын чогулуп кетишине эки нерсе себеп болот. Биринчи себеби, кээ бирөөлөр эс алуудан кийин таштандыларын жыйнабай, калтырып кетишет. Экинчиси, курулуш таштандыларын жана башка таштандыларды чоң машинелерге жүктөп келип, токойго төгүп салышат».

Таштандынын токойго тийгизген зыяны абдан чоң. «Таштанды чириндиге айланып, жок болгуча бир топ убакыт өтөт. Ал убакыт аралыгында кыртыш суулары булганып, экологиялык көйгөйлөр жаралат»,— дейт Сплавинский мырза. Айнектердин сыныгы күндүн нурунун табын күчөтүп же күн нуруна чагылышып, токойдо өрт чыгышына алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, бөтөлкөнүн сыныктары жана колдонулган шприцтин ийнелери да, айрыкча, кичинекей балдар үчүн коркунуч туудурат. «Таштандылар тазаланып турса, мындай көйгөйлөрдүн алдын алса болот»,— деп кошумчалайт Михайло мырза.

3 300 гектар жерди ээлеген токойду тазалап туруу оңой эмес. Сплавинский мырза мындай дейт: «Бизде беш эле токойчу болгондуктан, чоң аймакты ээлеген токойду тазалаш дээрлик мүмкүн эмес. Ошон үчүн токойду тазалоого жылына бир жолу коомчулуктан жардам сурайбыз».

Таштандыларды чогултуу, сорттоо жана жок кылуу

Жахабанын Күбөлөрү кол каптарды кийип алып, колдоруна чоң таштанды баштыктарын, тырмоочторду алып алып, бөтөлкөлөрдү, дөңгөлөктөрдү, айнектерди, темир-тезекти, кагаздарды, желимди жана колдонулган шприцтин ийнелерин чогултушту. Токойчу болуп иштеген Игорь Федак: «Жахабанын Күбөлөрүнө бөлүнүп берилген жерлер аябай жакшы тазаланыптыр»,— деп айткан.

Мыйзам тарабынан талап кылынбаса да, Жахабанын Күбөлөрү кайра иштетиле турган таштандыларды сорттоп, айнекти, кагазды, желимди өз-өзүнчө чогултушкан. Андан соң таштандыларды жок кыла турган ишканага алып барышкан. 2016-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрү токойдон өздөрү чогулткан таштандыларды жок кылууга кеткен чыгымды өздөрү жаап келет. Федак мырза: «Жахабанын Күбөлөрүнө абдан ыраазымын. Алар чоң жардам берип жатышат»,— дейт.

«Таштанды чогултуу кадыр-баркымды түшүрбөйт»

Жахабанын Күбөлөрү жыл сайынкы токой тазалоого кубанып катышышат. Алар коомчулуктун саламаттыгына, токойдун жакшы абалда күтүлүшүнө салым кошуп жатканын сыймык катары көрүшөт. Жахабанын Күбөлөрүнүн бул ишке карата көз карашын Волкер деген бир Жахабанын Күбөсүнүн айткандарынан көрүүгө болот. Ал мындай деген: «Таштанды чогултууну кадыр-баркымды түшүргөн иш катары көрбөйм. Башкаларга жакшылык кылуу мен үчүн сыймык жана чоң кубаныч тартуулайт».

Анжелика деген Жахабанын Күбөсү мындай деген: «Мен көңүлүмдү бул таштандыларды ыргыткандарга эмес, аны чогултуш үчүн кандай салым кошуп жатканыма топтойм». Тазалоого 78 жаштагы Лоис деген Жахабанын Күбөсү да катышкан. Ал мындай дейт: «Сейилдеп жүргөндө таштандыны көрүп кейий бергенден көрө, аны алып туруп, таштанды челекке салып коюш керек».

«Адамдар бизди тыкан кийинип, галстук тагынып алып, ишенген нерселерибиз жөнүндө сүйлөшүп жүргөнүбүздү көп көрөт,— дейт Виеслав.— Бирок биз жеңибизди түрүп алып токойду тазалап же коомго пайда алып келген башка иштерди кылып берүүгө даярбыз».