Мазмунун көрсөтүү

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү ишеними үчүн түрмөдө отурган өлкөлөр

Жахабанын Күбөлөрү ишеними үчүн түрмөдө отурган өлкөлөр

Ишеними үчүн түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрү. 2024-жылдын ноябрь айындагы маалымат

ӨЛКӨ

САНЫ

СЕБЕБИ

Крым

12

  • Диний иштер менен алектенүү

Эритрея

64

  • Диний иштер менен алектенүү

  • Себеби айкын-так түшүндүрүлгөн эмес

Орусия

131

  • Диний иштер менен алектенүү

Сингапур

8

  • Абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тартуу

Башка өлкөлөр

10дон ашуун

  • Диний иштер менен алектенүү

Бардыгы

225тен ашуун

 

Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 18-беренесине ылайык, «эркин ой жүгүртүү, абийир эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги» адамдын эң негизги укуктары болуп эсептелет  a. Бирок айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү ушул укуктары таанылбай, түрмөгө камалып, адилетсиз мамилеге дуушар болуп, атүгүл катаал мамиледен улам азап чегип жатышат. Алардын көбү Кудайга ишенгени үчүн эле камакка алынган.

a БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-беренесин жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 9-беренесин да карагыла.