5-МАРТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Координаторлор комитетинин отчёту (2019-жыл). Табигый кырсык болгондо бир туугандарыбызга жардам берүү
Координаторлор комитетинин 2019-жылдагы «Табигый кырсык болгондо бир туугандарыбызга жардам берүү» деген отчётунда уюмубуздун өзгөчө кырдаал болгондо дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга кантип жардам берери баяндалат. Ошондой эле ишенимдештерибиздин Индонезияда жер титирөө, цунами болгондо жана Нигерияда сары безгек эпидемияга айланып кеткенде кандай иш-аракет кылышканы көрсөтүлөт. Учурда коронавирус оорусу (COVID-19) тез тарап жаткандыктан, Жетектөөчү Кеңеш мындан ары да дүйнө жүзүндөгү оору кулач жайган жерлердеги боордошторубузга көрсөтмөлөрдү бере берет.