АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | АЮП
Жахаба аны сакайткан
Кызуу талкуулашып отурган кишилер, акыры, үн катпай отуруп калышты. Араб чөлүнөн соккон жылуу шамалдын дабышы болбосо, айлана жымжырт. Узакка созулган талкуудан шайы оогон Аюп сөзү түгөнүп, шалдайып отурат. Маңдайында — үч досу: Элипаз, Билдат, Сопар. Аюптун жини кашайып: «Дагы эмне айткыңар бар?» — дегенсип аларды тиктеп турганын элестетсеңер. Үчөө болсо өздөрүнө даанышман сезилген, бирок жан кейиткен «куру сөздөрүнүн» суу кечпей калганына оңтойсузданып, көзүн ала качышат (Аюп 16:3). Кандай болбосун, Аюп кынтыксыздыгын коргоого ого бетер чечкиндүү.
Аюп өзүн, балким, кынтыксыздыгынан башка эч нерсеси калбай калгандай сезгендир. Ал бүт байлыгынан кол жууган, достору, кошуналары мурдагыдай жөлөк-таяк болбой, кадырлап-сыйлабай калган, акырында, ден соолугунан да ажыраган. Денесин жара басып, карттанып, атүгүл курттап кеткен. Cасыганынан киши жанына тургус болуп калган (Аюп 7:5; 19:17; 30:30). Баарынан да, үч кишинин чучукка жеткирген сөздөрү жанына батып, ачуусун козгогон. Ал өзүнүн алар ойлогондой жеткен күнөөкөр эмес экенин далилдөөгө аргасыз болгон. Аюптун акырында айткан сөздөрү алардын жаагын жап кылган. Үч кишинин жүрөктү жаралаган суук сөздөрү, акыры, түгөнгөн. Бирок Аюптун жаны дагы деле сыздап турган. Анын акыбалы өтө зээн кейитерлик эле. Ал жардамга абдан зар болчу.
Аюптун жагдайга туура баа бере албай калганын түшүнсө болот. Ал жетекчиликке, оңдоп-түзөөгө муктаж эле. Ошондой эле бирөөнүн чын дилден жубатып-сооротушуна зар болчу. Үч досу ага так ушундай жардам көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, алар андай кылышкан эмес. Жетекчиликке, сооронучка ушунчалык муктаж болуп көрдүңөр беле? Досторум деп ойлоп жүргөн адамдарыңар көңүлүңөрдү чөгөргөн учурлар болду беле? Жахабанын өз кызматчысы Аюпту кантип колдогону, Аюптун ага кандай жооп кайтарганы тууралуу билүү үмүтүңөрдү жандырып, бир топ жардам берери шексиз.
Акылдуу, боорукер кеңешчи
Аюп жөнүндөгү билдирүү күтүлбөгөн жерден башка нукка бурулат. Алардын арасында Элиу деген жигит да бар болчу. Ал улуу кишилердин талкуусун башынан аягына чейин кунт коюп угуп отурган. Албетте, ал алардын айткандарына такыр кошулган эмес.
Элиу Аюпка нааразы болгон. Аюптун «Кудайды эмес, өзүн адил дегени» аны катуу кайгырткан. Анткен менен ал ага жаны ачыган. Себеби Аюптун жүрөгү сыздап турганын, ниети таза экенин, мээримдүүлүк менен берилген кеңешке, сооротууга абдан муктаж болуп турганын түшүнгөн. Анын Аюптун досу аталымыш болгон үч кишиге каарданганы айтпаса да түшүнүктүү. Ал ушуга чейин алардын Аюпка заар сөздөрдү айтканын, анын ишенимин солгундатууга, кынтыксыздыгынан жаздырууга, кадыр-баркын түшүрүүгө аракет кылышканын байкап отурган. Ошондуктан сүйлөй турган учур келгенин түшүнгөн (Аюп 32:2—4, 18).
Ал сөзүн: «Мен жашмын, силер болсо жашап калгансыңар»,— деп баштаган. Бирок жаш болсо да унчукпай коё алган эмес. Ошон үчүн: «Акылмандыкка көп жашагандар эле ээ боло бербейт, акыйкаттыкты карылар эле түшүнө бербейт»,— деген (Аюп 32:6, 9). Анан айткандарынын жүйөлүү экенин далилдеп, узакка чейин сүйлөгөн. Анын сөздөрү Элипаз, Билдат, Сопарлардыкынан кыйла айырмаланган. Элиу Аюпту көңүлүн чөгөргүсү, кайгысына кайгы кошкусу келбей турганына ынандырган. Ошондой эле ага ысмынан кайрылуу менен кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн *. Ал берки үч кишинин ага сый-урмат менен мамиле кылбай койгонун түшүнгөндүктөн сылык-сыпаалык менен: «Эми, Аюп, сөзүмө кулак салышыңды... өтүнөм»,— деген (Аюп 33:1, 7; 34:7).
Элиу Аюпка мындай деп ачык эле айткан: «Айткандарыңды угуп отурдум. „Мен тазамын, күнөөм жок, акмын, айыпсызмын. Ал мага каршы чыгыш үчүн эбептен себеп таап [жатат]“,— дедиң». Анан чынында көйгөйдүн тамыры эмнеде экенин айкын көрсөтүп: «Ушуну адилеттүүлүк деп эсептейсиңби? Сен: „Мен Кудайдан да адилмин“,— дедиң»,— деп айткан. Ал Аюптун ушинтип ойлогонуна көз жумуп койгон эмес. Ошондуктан ага: «Сеники туура эмес»,— деген (Аюп 33:8—12; 35:2). Элиу Аюптун бардык нерсесинен кол жууп калганынан жана досу аталымыш болгон кишилердин таш боор мамилесинен улам ачууланып жатканын билген. Ошентсе да ага: «Сак бол: каарга азгырылып, табалап алакан чаап калба»,— деп эскерткен (Аюп 36:18).
Элиу Жахабанын боорукер экенин баса белгилеген
Баарынан маанилүүсү, Элиу Жахаба Кудайды коргоп сүйлөгөн. Ал: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!.. Кудурети Күчтүү акыйкаттыкты бурмалабайт»,— деген төгүндөлгүс чындыкты баса белгилеген (Аюп 34:10, 12). Жахабанын боорукер, адилеттүү экенин көрсөтүш үчүн Элиу Жахабанын Аюпту ойлонбой айткан жана аны урматтабагандыкка жаткан сөздөрү үчүн жазалабаганын сөз кылган (Аюп 35:13—15). Элиу Кудай жөнүндө баарын биле бербей турганын мойнуна алган. Ошондуктан момундук менен: «Кудайдын улуулугу акыл жеткис»,— деген (Аюп 36:26).
Элиу Аюпка ачык, бирок жылуу-жумшак кеңеш берген. Ал Жахабанын Аюпту кайрадан чың ден соолукка ээ кыларын айтып, үмүт берген. Кудай өзүнүн берилген кызматчысы тууралуу: «Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун, ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин»,— деп айткан. Элиу Аюпка эмне кылышы керектигин эле айта бербестен, ага өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берүү менен да боорукердигин көрсөткөн. «Сүйлө, анткени мени адилдигиң кубантат»,— деген ал (Аюп 33:25, 32). Бирок Аюп эч жооп кайтарган эмес. Сыягы, Элиунун сөздөрү ушунчалык жылуу, бекемдээрлик болгондуктан, ал өзүн актоонун зарылдыгын көргөн эмес. Элиунун чынында эле анын камын ойлогонун түшүнгөндө көзүнө жаш алса керек.
Биз ушул эки ишенимдүү кишиден абдан маанилүү нерселерди үйрөнө алабыз. Элиудан жардамга муктаж болгондорго кантип кеңеш берсе болорун, аларды кантип сооротсо болорун үйрөнсөк болот. Чыныгы дос оор болсо да, олуттуу кемчилигиңди да бетиңе айтып, жаман иш кылуудан сактап калат (Накыл сөздөр 27:6). Биздин да ушундай дос болгонубуз жакшы. Тагыраак айтканда, жардамга муктаж болгондор сезимге алдырып туура эмес сүйлөгөн учурларда да аларга жылуу-жумшак кеңеш берип, бекемдегенибиз маанилүү. Ал эми өзүбүз кеңешке муктаж болгондо, Аюптай болуп, кеңешти четке какпай, момундук менен кабыл ала билишибиз керек. Кеңешке, оңдоп-түзөөгө баарыбыз муктажбыз. Аны кабыл алуудан өмүрүбүз көз каранды (Накыл сөздөр 4:13).
«Катуу шамалдын ичинен»
Элиу сүйлөп жатканда шамал, булуттар, чагылган, күн күркүрөө тууралуу көп сөз кылган. Ал Жахаба жөнүндө айтып: «Анын күркүрөгөн добушуна... кулак салгыла»,— деген. Анан «катуу шамал» тууралуу айткан (Аюп 37:2, 9). Кыязы, ал сүйлөп жатканда, шамал башталып, улам күчөй берген. Акыры, катуу шамалга айланган. Анан күтүлбөгөн жерден Жахаба сүйлөй баштаган (Аюп 38:1).
Ааламдын Жаратканы өзү өткөргөн табият таануу сабагына катышуу канчалык зор сыймык болгонун элестетсеңер!
Аюп китебинде Жахабанын Аюпка айткан сөздөрү да жазылып калганы кубандырбай койбойт. Шамал чаң-паңдын баарын учуруп кеткен сыңары, Жахабанын чындыкка жаткан сөздөрү Элипаз, Билдат, Сопарлардын курулай сөздөрүн, карандай калпын учуруп кеткендей эле болгон. Жахаба ал үчөөнө атүгүл башында такыр сүйлөгөн эмес. Ал адегенде Аюпка көңүл бурган. Атасы уулун оңдоп-түзгөндөй, сүйүктүү кызматчысына олуттуу түрдө, ошол эле учурда жумшактык менен кеңеш берген.
Жахаба Аюптун жаны сыздап турганын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан ага боору ачыган. Сүйүктүү балдары азап тартканда, Жахаба дайыма ушундай сезимдерди туят (Ышая 63:9; Закарыя 2:8). Бирок ал Аюптун «түркөйлүк менен сүйлөп», көйгөйүн ого бетер күчөтүп жатканын да билген. Ошон үчүн ой жүгүртүүгө түрткү берген суроолорду узатып, аны оңдоп-түзөгөн. Ал андан: «Мен жердин пайдубалын салганда, сен кайда элең, түшүнүккө ээ болсоң, айтчы?» — деп сураган. Кудайдын кереметтүү иштерин көргөндө «бардык таңкы жылдыздар», Кудайдын үй-бүлөсүн түзгөн периштелер, шаттанганынан кыйкырышкан (Аюп 38:2, 4, 7). Албетте, Аюп жооп бере алган эмес, анткени бул тууралуу эч нерсе билген эмес.
Ошентип, Жахаба табияттагы кереметтүү кубулуштар тууралуу кеп кыла баштаган. Мындайча айтканда, ал Аюпту бүгүнкү күндө астрономия, биология, геология жана физика деп белгилүү болгон илимдер менен тааныштырган. Ошондой эле Аюптун күндөрүндөгү айрым жан-жаныбарлар жөнүндө, алсак, арстан, кузгун, тоо эчкиси, зебра, жапайы бука, төө куш, ат, шумкар, бүркүт, бегемот (калыбы, гиппопотам) жана лебиатан (сыягы, крокодил) тууралуу сөз кылган. Ааламдын Жаратканы өзү өткөргөн табият таануу сабагына катышуу канчалык зор сыймык болгонун элестетсеңер *.
Аюп Жахаба менен талашып-тартышууга, өзүн актоого даай алган эмес
Момундукка, сүйүүгө үйрөтүү
Мунун баары кандай максатта айтылган? Аюп момундукка үйрөнүшү керек болчу. Жахаба аны азапка салып жатат деген ойго алдыруу менен Аюп жагдайын ого бетер оордотуп жаткан жана Жахаба менен болгон мамилесине доо кетирген. Ошондуктан Жахаба ага ааламдагы кереметтүү нерселерди жаратып жатканда каякта болгонун, аларды азыктандырып, көзөмөлдөп, үйрөтүп келген-келбегенин кайра-кайра сураган. Эгер Аюп Жахабанын колунан бүткөн негизги нерселерди да билбесе, анда Жаратканды кантип айыптай алат эле? Жахабанын жолдору, ойлору Аюптун чектелүү ой жүгүртүүсүнөн алда канча жогору эмеспи?
Жахабанын айткандарынын баары сүйүүгө негизделген. Ал Аюпка: «Уулум, мен ушунун бардыгын жаратып, аларга кам көрүп жатсам, сага кам көрбөй коёмбу? Сени таштап, бала-бакыраңдан, коопсуз жашооңдон, ден соолугуңдан ажыратып коймок белем? Кол жууган нерселериңе кайрадан ээ кылууга, жан сыздаткан ооруңдан сакайтып коюуга кудуретим жетпейби?» — деп айткандай эле болгон.
Аюп Жахабанын жүрөктү көзөп өткөн суроолоруна эки эле жолу жооп берген. Аны менен талашып-тартышууга, өзүн актоого даай алган эмес. Чынында эч нерсе билбей турганын, ойлонбой айткан сөздөрү үчүн өкүнүп жатканын момундук менен мойнуна алган (Аюп 40:4, 5; 42:1—6). Мындан Аюптун ишеними абдан күчтүү болгону айкын көрүнүп турат. Анткени ал бардык кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүп, Жахабага болгон ишенимин бекем сактаган. Ал Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн туура кабыл алып, аны жүрөгүнө түйүп алган. Биз да: «Момун болуп, оңдоп-түзөөнү, кеңешти кабыл аламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Ырас, буга баарыбыз муктажбыз. Оңдоп-түзөөнү, кеңешти кабыл алсак, ишенимдүү Аюптан үлгү алган болобуз.
«Силер мен жөнүндө... туура сүйлөгөн жоксуңар»
Эми Жахаба Аюпту сооротуп-жубатууга киришкен. Ал, сыягы, үч кишинин улуусу болгон Элипазга кайрылып: «Сага жана эки досуңа каарым кайнап чыкты. Силер мен жөнүндө кызматчым Аюптай туура сүйлөгөн жоксуңар»,— деген (Аюп 42:7). Ушул сөздөр тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Жахаба алар айткан сөздөрдүн баары туура эмес болгонун, ал эми Аюптун ар бир сөзү туура болгонун айтты беле? Албетте, жок *. Бирок Аюптун сөздөрү менен үч кишинин айткандарынын ортосундагы айырма асман менен жердей болчу. Аюптун жүрөгү тилинип, күйүттөн улам өрттөнүп, жалган айыптардан улам катуу кайгырып турган. Ошондуктан анын туура эмес сүйлөп алганын түшүнсө болот. Ал эми Элипаз менен эки досунун абалы аныкындай оор эмес болчу. Ишеними алсыз ал адамдар текебердик менен сүйлөп, жүрөк ооруткан сөздөрдү атайын айтышкан. Бейкүнөө Аюпка сокку урганы аз келгенсип, ал үчөө Жахаба жөнүндө терс ойлорду айтып, аны катаал, мерез Кудай кылып көрсөтүүгө, Аюп анын айынан азап тартып жаткандай көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Ошол себептен Жахабанын ал кишилерден курмандык чалууну талап кылганы айтпаса да түшүнүктүү. Алар жети бука, жети кочкор алып келүүгө тийиш болчу. Алардын күнөөсү аябай олуттуу болгон. Анткени, кийин Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамга ылайык, башкы дин кызматчы бүт элдин күнөөсү үчүн буканы курмандыкка чалчу (Лебилер 4:3). Буканы курмандыкка чалуу Мыйзам боюнча чалынчу эң кымбат курмандык деп эсептеле турган. Андан тышкары, Жахаба ал үч кишинин тартуусун Аюп алар үчүн тиленгенден кийин гана кабыл аларын айткан * (Аюп 42:8). Жахабанын өзү актап чыкканы, акыры, адилеттүүлүктү орноткону Аюпту ушунчалык соороткону шексиз!
«Кызматчым Аюп силер үчүн тиленет» (Аюп 42:8).
Жахаба Аюптун ал айткандай кыларынан күмөн санаган эмес. Жүрөгүн жаралаган үч киши үчүн тиленүү менен Аюп аларды кечиргенин көрсөтмөк. Ооба, ал Атасынын көңүлүн калтырган эмес (Аюп 42:9). Тил алганы Аюптун кынтыксыз болгонунан кабар берип турган. Бул анын сөздөрүнөн да күчтүү далил болгон. Ошондой эле мунун аркасында Аюптун мол баталарды алышына жол ачылган.
Жахаба «абдан боорукер, кайрымдуу»
Жахаба Аюпка боорукердик, кайрымдуулук менен мамиле кылган (Жакып 5:11). Кандайча? Ал аны кайрадан чың ден соолукка ээ кылган. Элиу айткандай, «денеси жаш кезиндегисинен да жаш болуп» калганын көргөндө, Аюптун канчалык кубанганын элестетсеңер! Үй-бүлөсү, достору кайрадан анын жанынан чыкпай, колдоо көрсөтүшкөн, белек-бечкегин көтөрүп келип, көңүлүн алышкан. Ошондой эле Жахаба ага мурунку байлыгын кайтарып эле бербестен, аны эки эсе көбөйтүп берген. Ал эми өлүм ажыраткан, боор этинен жаралган балдары тууралуу эмне айтууга болот? Аюп жубайы экөө дагы он балалуу болуп, бөксө жери толгондо, күйүтүнөн сооронушкан! Ал эле эмес, Жахаба Аюптун өмүрүнө өмүр кошкон. Ал дагы 140 жыл жашап, балдарын, төртүнчү муунга чейинки неберелерин көргөн. «Ошентип, Аюп картайып, өмүргө тоюп көз жумган» (Аюп 42:10—17). Жер бети бейишке айланганда, Аюп жубайы экөө балдары менен, анын ичинде Шайтандын айынан каза тапкан балдары менен чогуу өмүр сүрөрү шексиз (Жакан 5:28, 29).
Жахаба Аюпка эмне үчүн мол бата берген? Ыйык Китепте: «Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар»,— деп жооп берилет (Жакып 5:11). Аюптукундай сыноолорго көпчүлүгүбүз туш болгон эмеспиз. Аяттагы «туруктуулук» деген сөздөн анын кыйынчылыктарга тек гана чыдап койгонун эле эмес, Жахабага болгон сүйүүсүн, ишенимин жоготпогонун да көрүүгө болот. Аюп башына түшкөн оор сыноолордон улам мерез, ачуулуу болуп кеткен эмес. Тескерисинче, атүгүл ага атайлап жамандык кылгандарды да кечирүүгө даяр болгон. Ошондой эле Аюп үмүтүн эч качан өчүргөн эмес жана баа жеткис байлыгын, башкача айтканда, Кудайдын алдындагы кынтыксыздыгын коргоого чечкиндүү болгон (Аюп 27:5).
Ар бирибизге туруктуулук керек. Шайтан, Аюптун жагдайындай эле, биздин да көңүлүбүздү чөгөрүүгө умтулары күмөнсүз. Бирок бекем ишеним менен туруктуу, момун болсок, башкаларды даярдуулук менен кечирсек, кынтыксыздыгыбызды коргоого чечкиндүү болсок, жаркын үмүтүбүздү эч качан өчүрбөйбүз (Еврейлер 10:36). Шайтанды кубанычынан ажыратып, ал эми бизди аябай жакшы көргөн Жахабанын жүрөгүн сүйүнткүбүз келсе, Аюптай болуп, ишенимибизди бекем сакташыбыз керек.
^ 9-абз. Элипаз, Билдат, Сопарлар Аюпка көптөгөн сөздөрдү айтышкан. Алардын баары биригип, Ыйык Китептеги тогуз бөлүмдү түзөт. Бирок, Аюп китебинен көрүнүп тургандай, ал үчөө Аюпка бир да жолу атынан кайрылышкан эмес.
^ 19-абз. Жахабанын Аюпка айткан сөздөрү бир туруп түз мааниге ээ болсо, бир туруп көркөмдөлүп айтылган. Ушунчалык чебердик менен айтылгандыктан, окутуунун бир ыкмадан башкасына өтүп жатканын дароо аңдоо мүмкүн эмес. (Мисалы, Аюп 41:1, 7, 8, 19—21-аяттарды карагыла.) Кандай болбосун, Кудай Аюпка аны көбүрөөк кастарлоого түрткү берүүнү көздөгөн.
^ 25-абз. Кызыктуусу, элчи Пабыл бир жолу Элипаздын сөздөрүн цитата кылып, алардын тууралыгын көрсөткөн (Аюп 5:13; 1 Корунттуктар 3:19). Ооба, Элипаздын айткандары эп болгон, бирок ал ошол сөздөрдү Аюпка карата колдонуп, туура эмес кылган.
^ 26-абз. Аюп китебинде Аюптан аялы үчүн ушундай курмандык чалуу талап кылынганы айтылбайт.