ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР
Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (2-бөлүк). Электрондук каражаттан окуган жакшыбы же кагаз бетиненби?
Балаңар экрандан окуганды жакшы көрөбү же кагаз бетиненби?
Көптөгөн балдар, өспүрүмдөр экрандан окуганды жакшы көрөт. «Экрандан шилтемени басып же манжасынын учу менен кийинки бетке тез эле жылдырганга көнүп алган азыркы муун китеп окугандан зеригип кетет»,— дейт доктор Жеан Твэнж a.
Албетте, электрондук каражаттан окугандын жакшы жактары да бар. «Мен окуган мектепте китептер санарип түрүндө болчу,— дейт 20 жаштагы Жон.— Издөө функциясын колдонуп, керектүү маалыматты оңой эле таап алчумун».
Электрондук каражаттардан окуп көнүп калгандардын эң мыкты куралы — манжасынын учу. Алсак, алар бир эле басып кайсы бир сөздүн түшүндүрмөсүн окуй алышат, аудиожаздырууну уга алышат, окуп жаткан темасына тиешелүү видеону көрө алышат же шилтеме аркылуу кошумча маалымат таба алышат. Бирок бул кагаз жүзүндө окуу анча пайдалуу эмес дегенди билдиреби?
Терең изилдөө жүргүзүүгө келгенде айрымдар маалыматты кагаз бетинен окуганды жакшы көрүшөт. Эмне үчүн?
Көңүл топтоо. Нейтан деген бир өспүрүм: «Электрондук каражатыман бир нерсе окуп жатканда жарнамалар, эскертмелер чыга берет. Ошонун айынан көңүл топтой албай, алаксый берем»,— дейт.
20 жаштагы Карэн да дал ушундай ойду айткан. «Телефонуман же планшетимен окуп жатканда башка тиркемелерди ачканга же оюн ойногонго азгырыла берем»,— дейт ал.
Ыйык Китептеги принцип: «Убакытты пайдалана билгиле» (Колосалыктар 4:5).
Ойлонуп көргүлө: Балаңар электрондук каражаттан окуп жатканда же изилдеп жатканда эч нерсеге алаксыбай өзүн-өзү кармай билеби? Эгер андай эмес болсо, ага көңүл топтоп окуганга кантип жардам бере аласыңар?
Кеңеш: Балаңарга электрондук каражатындагы ар кайсы нерселерге алаксый берсе, үй тапшырмасын аткарганга көбүрөөк убакыт кетип, өзү жакшы көргөн иштерге азыраак убактысы каларын түшүндүргүлө.
Окуган нерсени түшүнүү. Бир китепте: «Жүргүзүлгөн бир катар тажрыйбадан кагаз бетинен окугандар электрондук каражаттан окуганга караганда материалды көбүрөөк түшүнөрү айкын болгон»,— деп жазылган («Be the Parent, Please»).
Мунун бир себеби электрондук каражаттан окуп жаткан киши ой жүгүрткөнгө эмес, көз жүгүрткөнгө жакын келет. Дагы бир китептин автору Николас Кэрр: «Интернеттен көзүбүз менен манжабыздын кыймылына жараша маалыматты бат окуганга аракет кылабыз»,— деген b.
Албетте, көз жүгүртүп шар окуунун деле пайдасы бар. Бирок мунун бир жаман жери, Николас Кэрр айткандай, «көптөр ушинтип үстүртөн окуганга көнүп баратат». Эгер балаңар ушундай адат өрчүтүп алса, ал окуган нерсесинин маанисин түшүнбөй эле, үстүртөдөн окуп кете берет.
Ыйык Китептеги принцип: «Ээ болгон бардык нерселериң менен бирге түшүнүккө да ээ бол» (Накыл сөздөр 4:7).
Ойлонуп көргүлө: Балаңарды кайсы бир теманы кагаз жүзүндө болобу же электрондук каражаттан болобу, тереңирээк изилдеп көргөнгө кантип үйрөтсөңөр болот?
Кеңеш: Тең салмактуу болгула. Кагаз жүзүндө окугандын да, электрондук каражаттан окугандын да жакшы жактары бар. Маселен, электрондук каражаттагы айрым функциялар кайсы бир нерсени көбүрөөк түшүнгөнгө жардам бериши мүмкүн. Андыктан балдарыңарга кайсынысы жакшы болорун чечип жатканда эстүү болгула. Балдар бири-биринен айырмаланарын да унутпагыла.
Окуган нерсени эстеп калуу. «Сайентифик Америкэн» деген журналдагы макалага Феррис Жабр жазгандай, кагаз бетинен окуганга караганда электрондук каражаттан окуганда «мээбиз көбүрөөк чарчашы... жана маалыматты эстеп калуу кыйыныраак» болушу мүмкүн.
Айта кетчү нерсе, кагаз бетинен окуп жатканда кайсы бир ой эсибизде жакшы калат. Анткени мээбиз ошол сүйлөм жазылган бетти «сүрөткө тартып» алат. Мунун аркасында эс тутумубузда керектүү маалыматты кийин тапканга жардам берген «чөпкаттар» пайда болот.
Мындан тышкары, изилдөөчүлөрдүн айтымында, кагаз бетинен окугандар материалга тереңирээк сүңгүп кире алышат. Алар аны жакшы түшүнгөндүктөн кийин оңой эстей алышат.
Ыйык Китептеги принцип: «Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сакта» (Накыл сөздөр 3:21).
Ойлонуп көргүлө: Балаңарга окуган же изилдеген нерселерин түшүнүү же болбосо эстеп калуу кыйынга турабы? Эгер ошондой болсо, ага окуп-изилдөө адатын жакшыртканга кантип көмөк кылсаңар болот? Балким, ага кагаз жүзүндө окуган жардам береттир.
Кеңеш: Балаңар электрондук каражаттан окуганда жакшыраак түшүнөбү же кагаз бетинен окугандабы? Ошону байкап, анын каалоосун эмес, ага көбүрөөк пайдалуу боло турган нерсени тандагыла. Көптөр электрондук каражаттан окуганда жакшыраак түшүнөм деп ойлошот. Бирок чынында андай болбошу мүмкүн.