Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбардын жашоосу тууралуу Ыйык Китепте жазылгандар чынбы?

Иса пайгамбардын жашоосу тууралуу Ыйык Китепте жазылгандар чынбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепти жазууга катышкан Лука деген киши Иса пайгамбардын жашоосу тууралуу «бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыккандан кийин» жазгандыгын айткан (Лука 1:3).

 Айрымдар Иса пайгамбардын замандаштарынын: Матай, Марк, Лука жана Жакандын Иса пайгамбардын жашоосу тууралуу жазгандары б. з. 4-кылымында өзгөртүлүп, бурмаланып калган деп эсептешет.

 Анткен менен 20-кылымдын башында Египетте Жакандын Инжилинин үзүндүсү жазылган кол жазма табылган. Ал азыр Райлендс папирусу 457 (P52) деп белгилүү жана Манчестерде (Англия) Жон Райлендстин китепканасында сакталууда. Анда жазылгандар бүгүнкү күндөгү Ыйык Китептин Жакан 18:31—33, 37, 38-аяттарында жазылгандарга дал келет.

 Ал Грек Жазмаларынын үзүндүсү жазылган кол жазмалардын эң байыркысы болуп эсептелет. Көптөгөн окумуштуулар аны болжол менен б. з. 125-жылы, тактап айтканда, түп нускасы жазылып бүткөндөн 25 эле жыл өткөндөн кийин жазылган деп эсептешет. Ал үзүндү андан кийинчерээк жазылган көчүрмөлөргө дээрлик бардык жагынан төп келет.