Мазмунун көрсөтүү

Иса Кудуреттүү Күчтүү Кудайбы?

Иса Кудуреттүү Күчтүү Кудайбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбардын душмандары аны өзүн Кудайга теңеп жатат деп күнөөлөшкөн (Жакан 5:18; 10:30—33). Бирок Иса пайгамбар эч качан өзүн Кудуреттүү Күчтүү Кудайга теңеген эмес. Ал: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28).

 Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары да аны Кудуреттүү Күчтүү Кудай менен бирдей деп эсептешкен эмес. Мисалы, элчи Пабыл Кудай Иса пайгамбарды тирилткенден кийин «аны ого бетер жогорулатканын» жазган. Демек, элчи Пабыл Иса пайгамбарды Кудуреттүү Күчтүү Кудай деп эсептеген эмес. Эгер Иса пайгамбар Кудуреттүү Күчтүү Кудай болсо, аны ого бетер жогорулатуу мүмкүн болот беле? (Филипиликтер 2:9).