Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын Сөзү деген ким жана эмне?

Кудайдын Сөзү деген ким жана эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «Кудайдын сөзү» деген көбүнчө Кудай айттырган кабарга же ошол кабарлардын жыйындысына карата айтылат (Лука 11:28). Бир нече жеринде «Кудайдын Сөзү» же «Сөз» деген наам катары колдонулат (Аян 19:13; Жакан 1:14).

 Кудай айттырган кабар. Пайгамбарлар кабар айтканда дайыма Кудайдын сөзүн айтып жатабыз дешчү. Мисалы, Жеремия пайгамбар: «Жахаба сөзүн улап, менден...» — деген сөздөрдү колдонуп, элге Кудайдын кабарын жеткирген (Жеремия 1:4, 11, 13; 2:1). Шабулга Кудайдын аны падыша катары тандап алганын айтардан мурун Шемуел пайгамбар: «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын сөзүн айтып берейин»,— деген (1 Шемуел 9:27).

 Наам. «Сөз» Ыйык Китепте Иса Машаяктын наамы экени айтылат. Бул — анын асманда да, жерде да жашап жүргөндө алып жүргөн наамы. Келгиле, эмне үчүн ушундай экенин карап көрөлү.

  •   Сөз эч нерсе жаратыла электе эле бар болчу. «Башында Сөз болгон,.. Ал башында Кудай менен болгон» (Жакан 1:1, 2). Иса — «бардык жаратылгандардын туңгучу». «Ал баарынан мурун бар болгон» (Колосалыктар 1:13—15, 17).

  •   Сөз жерге адам болуп келген. Ыйык Китепте: «Сөз адам болуп, арабызда жашады»,— делет (Жакан 1:14). Иса Машаяк «бардык нерсесин калтырып келген жана адамдарга окшош болуп, кулдун кейпин кийген» (Филипиликтер 2:5—7).

  •   Сөз — Кудайдын Уулу. Жогорку абзацта элчи Жакан: «Сөз адам болгон»,— деп айткандан кийин: «Биз анын даңкын, жалгыз уул катары атасынан алган даңкын, көрдүк»,— деп улаган (Жакан 1:14). Элчи Жакан Иса Машаяктын Кудайдын Уулу экенин да айткан (1 Жакан 4:15).

  •   Сөздө Кудайдыкындай сапаттар бар. Ыйык Китепте: «Сөз Кудайдай болгон»,— деп жазылган (Жакан 1:1). Иса Кудайдын «даңкын чагылдырып турат, ал — Кудайдын табиятынын так көчүрмөсү» (Еврейлер 1:2, 3).

  •   Сөз падыша катары башкарат. Ыйык Китепте Кудайдын Сөзүнүн «башында көп таажысы бар» экени айтылган (Аян 19:12, 13). Сөз «Падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы» деп да аталат (Аян 19:16). Иса Машаяк — аны менен башкара турган падышалардын Падышасы жана мырза катары башкара тургандардын Мырзасы (1 Тиметей 6:14, 15).

  •   Сөз Кудайдын өкүлү болуп кызмат кылат. «Сөз» деген наам, кыязы, Кудайдын кабарын жана көрсөтмөлөрүн жеткирген бирөөгө карата колдонулат. Муну Исанын: «Анткени мен өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөшүм керектигин мага мени жиберген Атам осуят кылган... Ошондуктан мен, Атам кандай айтса, ошондой сүйлөп жатам»,— деген сөзүнөн билүүгө болот (Жакан 12:49, 50).