Кудай кандайдыр бир белгилүү жерде жашайбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Кудай асманда жашайт. Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтылганына көңүл бурсаңар.
Сулайман пайгамбар Кудайга кайрылып: «Сен асмандан, өзүң жашаган жайдан... бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп, баарын аткара көр
»,— деп тиленген (1 Падышалар 8:43).
Иса Машаяк да өзүнүн жолдоочуларын Кудайга — «асмандагы Атабызга
» — кайрылууга үндөгөн (Матай 6:9).
Иса пайгамбар тирилгенден кийин «биз үчүн Кудайдын алдында туруш үчүн... асмандын өзүнө кирген
» (Еврейлер 9:24).
Ыйык Китепте жазылган бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жахаба Кудай чынында эле тирүү Кудай, ошондой эле ал бардык жерде эмес, асманда жашайт.