Ыйык Китеп депрессиядан кыйналгандарга жардам бере алабы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте Кудай жөнүндө «көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай
» деп айтылат. Ошондуктан Кудай депрессиядан кыйналгандарга жардам бере алат деп ишенимдүү түрдө айтууга болот (2 Корунттуктар 7:6).
Кудай кантип жардам берет?
Күч берет. Кудай депрессиядан кыйналып жүргөн адамды бүт көйгөйлөрүнөн арылтпайт. Бирок эгер ага жардам сурап кайрылсаңыз, кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч берет (Филипиликтер 4:13). Кудайдын сиздин тиленгениңизди угарына эч шектенбесеңиз болот, анткени Ыйык Китепте: «
Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат
»,— деп жазылган (Забур 34:18). Анткен менен кээде ага өзүңүздүн абалыңызды, сезимдериңизди кантип түшүндүрүштү билбей, сөз таппашыңыз мүмкүн. Ошондой болгон күндө да Кудай анын жардамына муктаж болуп жатканыңызды көрүп сизге сөзсүз жардам берет (Римдиктер 8:26, 27).Ыйык Китепке башкалардын үлгүсүн жаздырган. Байыркы убакта жашаган, көңүлү чөгүп кыйналган бир пайгамбар Кудайга: «
Оо, Жахаба, сени туңгуюктан чакырам
»,— деп жалбарган. Ага көңүл чөгөттүк менен күрөшкөнгө Кудайдын ырайымдуу, кечиримдүү экенин эсинен чыгарбаганы жардам берген. Ошондуктан ал Кудайга кайрылып: «Эгер сен... күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат? Адамдар сенден коркушу үчүн, аларды кечиресиң
»,— деп айткан (Забур 130:1, 3, 4).Үмүт берет. Кудай бүгүнкү күндө жардам бергенден тышкары, жакында депрессияга себеп болгон көйгөйлөрүбүздүн баарын жок кылам деп убада берип жатат. Кудай ал убадасын ишке ашырганда: «
Мурункулар [анын ичинде депрессия да] мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт
» (Ышая 65:17).
Эскертүү: Депрессия менен күрөшүш үчүн адам жардам издеп Кудайга кайрылгандан тышкары, доктурга да кайрылышы керек экенин Жахабанын Күбөлөрү жакшы түшүнүшөт (Марк 2:17). Бирок алар дарылануунун белгилүү бир ыкмасын сунушташпайт. Кантип дарыланарын ар ким өзү чечиши керек.