Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде ооруга багынбайм? (3-бөлүк)

Канткенде ооруга багынбайм? (3-бөлүк)

 Өспүрүм курак күчүң ашып-ташып, аш десең ашка, иш десең ишке тойбой турган кез болот. Бирок ушул курагында эле олуттуу оору менен ооруган жаштар бар. Эгер сен да ошондой оору менен ооруп жатсаң, Жахабанын Күбөсү болгон Влориянын, Жастиндин жана Нисанын айтып бергендери сени бекемдээри шексиз. Кел анда, азапка салган оорусу менен алардын кантип күрөшүп жатканына көңүл буралы.

 Влория

 Мен 14 жашыман тартып фибромиалгия менен ооруп келем. 20 жашка толгондо артритке, тери кургак учугуна жана Лайма оорусуна да чалдыктым. Дайыма алсырай бергендиктен каалаган нерсемди кылуу аябай кыйынга турат. Кээде белимен ылдый иштебей калганда майыптар коляскасына отуруп калам.

 Денемдин ооруганынан да жөнөкөй эле нерселерди кыла албай калганыма, алсак, жаза албай же банканын капкагын ача албай калганыма жаман болуп, терс ойлор менен күрөшүү аябай кыйынга турду. Башка балдардын жапжакшынакай эле басып жүргөнүн көргөндө эмнеге мен анте албайм деп бушайман боло берчүмүн. Өзүмдү бир байкуш сезчүмүн.

 Бирок, бактыга жараша, мага үйдөгүлөрүм эле эмес, мен барып турган Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышындагы бир туугандар да көп жардам беришет. Алар мага дайыма келип тургандыктан, көп жалгызсырабайм. Майыптар коляскасынан көтөрүп, машинеге салуу, кайра түшүрүү кыйынга турса да, айрымдар мени достук кечелерге чакырып турушат.

 Өзгөчө, жыйналыштагы кары бир туугандар көп көмөк көрсөтүштү, анткени алар ден соолуктун айынан жапа чегүү деген эмне экенин эң жакшы түшүнүшөт. Алар мага мүмкүнчүлүктөрүмдүн чектелүү экенине моюн сунганга, башкалар кылганды кыла албаганым үчүн өзүмдү күнөөлөбөгөнгө жардам беришти. Жыйналышка барганда жана кабарга чыкканда өзүмдү аябай бактылуу сезем (Еврейлер 10:25). Андай учурларда оорукчан болсом деле башка адамдардай эле экенимди түшүнөм.

 Мен Жахабанын кыйынчылыктарга чыдай алышыбыз үчүн бизге жардам берерин унутпаганга аракет кылам. Мисалы, Ыйык Китепте адамдын сырткы көрүнүшү көөнөрүп баратса да, ички дүйнөсү «күндөн күнгө жаңылана» берери айтылган (2 Корунттуктар 4:16). Мен өзүмдү ушундай сезем!

 Ойлонуп көр: Эгер олуттуу оору менен оорусаң, башкаларга көңүл бөлүп, пикир алмашууга умтулганың эмне үчүн маанилүү? Ден соолугуң чың болсо, ооругандарды кантип колдосоң болот? (Накыл сөздөр 17:17).

 Жастин

 Мен полго кулап түшүп, тура албай калгам. Ошондо көкүрөгүм кысылып, ордуман жыла албай койгом. Мени дароо ооруканага алып барышкан. Алгач доктурлар оорумду аныктай албай коюшту. Бирок оорум бир нече жолу кармагандан кийин Лайма оорусуна чалдыкканымды аныкташты.

 Лайма оорусу мээмдин нерв системасын жабыркатты. Оорум аныкталганынан көп жыл өтсө да, азыр деле калтырак баса берет, кээде денемди башкара албай калам. Айрым учурларда денем аябай катуу ооруйт, манжаларым да ушунчалык сыздаткандыктан кыймылдата албай калам. Мага муундарымды дат басып калгандай сезилет.

 Мен: «Жапжаш болуп туруп оорукчан болуп каламбы?» — деп ойлоно бергендиктен, көңүлүм чөгө берчү. Күн сайын Кудайга: «Эмне үчүн башыма ушундай мүшкүл түштү?» — деп зар какшап ыйлачумун. Атүгүл Кудай мени таштап салгандай сезилчү. Бирок мен Ыйык Китептеги Аюп пайгамбар жөнүндө ойлонуп көрдүм. Ал оор сыноолорго эмне үчүн кабылып жатканын толук түшүнбөсө да, Кудайдын алдында ишенимдүү бойдон калган. Мен: «Аюп пайгамбар туш болгон кыйынчылыктарын көтөрүп кете алса, мен дагы көтөрүп кете алам»,— деп ой жүгүртөм.

 Жыйналыштагы аксакалдар мага чоң колдоо көрсөтүшөт. Алар дайыма көңүл бөлүп, ал-ахвалымды сурап турушат. Бир аксакал сүйлөшкүм келгенде каалаган убакта, саат канчада болбосун, чала берсем болорун айткан. Жахабанын мага ушундай досторду таап бергенине абдан ыраазымын! (Ышая 32:1, 2).

 Аябай катуу ооруп калганда Жахабанын башыбыздан эмнени кечирип жатканыбызды жакшы билерин кээде унутуп коёбуз. Бирок Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деп жазылган (Забур 55:22). Мен ушул кеңешке ылайык иш кылганга күн сайын аракет кылам.

 Ойлонуп көр: Жакындарың сага ооруга багынбаганга кантип жардам бере алышат? (Накыл сөздөр 24:10; 1 Тесалоникалыктар 5:11).

 Ниса

 Өспүрүм кезимден бери Марфан синдромунан — муундарды жабыркатып, алсыраткан оорудан — жапа чегип келем. Бул синдром жүрөктү, көздү жана башка органдарды да жабыркатат. Оорум күндө кармабайт, бирок кармаганда сыздатып ооруйт.

 Ушундай ооруга чалдыкканымды билгенде көз жашым көл болду. Жакшы көргөн нерселеримди кыла албай каларымды ойлоп аябай сарсанаага баттым. Мисалы, мен бийлегенди жакшы көрөм. Бир күнү бийлей албай, атүгүл баса албай каларымды ойлогондо келечегим кандай болот деп коркуп кетчүмүн.

 Мага эжем аябай жөлөк-таяк болду. Ал абалымды ойлоп көңүлүмдү чөгөрө бербегенге жардам берчү. Эжем алдыны ойлоп корко берүү өмүрүмдү кыскартарын айтчу. Ошондой эле жагдайымды Жахаба гана жакшы билерин жана түшүнөрүн айтып, мени үзгүлтүксүз тиленүүгө үндөчү (1 Петир 5:7).

 Мага Забур 18:6дагы: «Кыйналганда Жахабаны чакырып жаттым, Кудайымдан жардам сурап жаттым. Ал ибадатканасынан үнүмдү укту, муң-зарым кулагына жетти»,— деген сөздөр кайрат берет. Бул аят мага Жахабадан жардам беришин сурап тиленгенимде анын менин үнүмдү угуп, жардамга келерин түшүнүүгө көмөк кылды. Мен Жахабанын дайыма жанымда экенин сезем.

 Туш болгон кыйынчылыктардан улам көңүлүбүздүн чөккөнү жана кайгырганыбыз табигый эле нерсе экенин, бирок андай сезимдердин ден соолугубузга жана Жахаба менен болгон достугубузга зыян алып келишине жол бербешибиз керек экенин түшүндүм. Азап тартып жатканыбызга Жахаба жооптуу эмес. Эгер аны менен болгон мамилебизди биринчи орунга койсок, ал бизди эч качан таштабайт (Жакып 4:8).

 Ойлонуп көр: Азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү? (Жакып 1:13).