ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Канткенде азгырыкка каршы тура алам?
Элчи Пабыл: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат»,— деп жазган (Римдиктер 7:21). Сенде да ушундай болобу? Эгер ошондой болсо, бул макала сага туура эмес каалоолорду ооздуктап, азгырыкты четке какканга жардам берет.
Эмнелерди билишиң керек?
Азгырык менен курбу-курдаштардын кысымы тыгыз байланышта. Ыйык Китепте: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:33). Башкалардын кысымы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан көрсөтүлгөндөр туура эмес каалоолорду пайда кылып, азгырыкка алдырып коюшуңа, атүгүл «көпчүлүктү ээрчип» жаман ишке барышыңа түртүшү мүмкүн (Чыгуу 23:2).
Кысымга алдырсаң, башкаларга жагыш үчүн эле алар кылганды кыла баштайсың (Жереми).
Ойлонуп көр: Башкалардын сен жөнүндө кандай ойдо болоруна өтө көп тынчсыздансаң, эмне үчүн азгырык күчтүү болушу мүмкүн? (Накыл сөздөр 29:25).
Жыйынтык. Курбу-курдаштарыңдын кысымынан улам карманган нормаларыңа каршы иш кылба.
Эмне кылсаң болот?
Ишенген нерселериңди жакшы бил. Эгер эмнеге ишенериңди билбесең, башкалар сени так теке кылып алат. Ошондуктан Ыйык Китептеги: «Бардыгын текшерип көргүлө, жакшысына бек кармангыла»,— деген кеңешке ылайык иш кылганың туура (1 Тесалоникалыктар 5:21). Ишенген нерселериңди канчалык жакшы түшүнсөң, аларга карманып жашоо ошончолук жеңил болот жана аларга каршы иш кылууга азгырылбайсың.
Ойлонуп көр: Эмне үчүн Кудайдын адеп-ахлак нормалары сенин пайдаң үчүн гана берилгенине ишенесиң?
Ишенген нерселериме бекем карманып, азгырыкты четке какканымда, башкалардын мени сыйлап каларын байкайм (Кимберли).
Мыкты үлгү: Даниел пайгамбар. Ал, сыягы, өспүрүм кезинде эле Кудайдын мыйзамдарына баш ийүүнү «жүрөгүндө... чечип» алган (Даниел 1:8).
Алсыз жактарыңды жакшы бил. Ыйык Китепте «жаштыкка мүнөздүү каалоолор» — өзгөчө жаш кезде күчтүү боло турган каалоолор — жөнүндө айтылат (2 Тиметей 2:22). Аларга жыныстык каалоолор эле эмес, башкаларга жагууга болгон каалоо жана даяр боло электе эле көз карандысыз болууну каалоо да кирет.
Ойлонуп көр: Ыйык Китепте «ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналары» айтылат (Жакып 1:14). Сен көбүнчө эмнеге азгырыласың?
«Эмнеге азгырыларыңды чынчылдык менен моюнга ал. Азгырыкка алдырбаш үчүн эмне кылсаң болорун изилдеп, колдонгуң келген ойлорду жазып кой. Ошентсең, кийинки жолу азгырыкка туш болгондо эмне кылышты жакшы билесиң» (Силвия).
Мыкты үлгү: Дөөтү пайгамбар. Анын башкалардын кысымына алдырган, атүгүл өз каалоолоруна жетеленген учурлары болгон. Бирок ал катасынан сабак алып, оңолгонго аракет кылган. Дөөтү Жахабадан: «Мага таза жүрөк сал, ичиме жаңы, туруктуу рух сал»,— деп тиленген (Забур 51:10).
Өзүңдү башкара бил. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жеңилбе»,— деп жазылган (Римдиктер 12:21). Бул азгырыкка жеңилбешиң керектигин билдирет. Сен туура иш кылууну өзүң тандай аласың.
Ойлонуп көр: Канткенде өзүңдү башкара билип, жаман ишке азгырылбайсың?
Мен: «Азгырыкка алдырып койсом, андан кийин кандай сезимде болом? Өзүмдү жакшы сеземби? Балким, бир азга жакшы сезеттирмин. Бирок убакыт өткөндөн кийинчи? Ого бетер жаман болбоймбу? Анда бул ишке барганымдын кереги барбы?» — деп ой жүгүртөм (София).
Мыкты үлгү: элчи Пабыл. Өзү айткандай, жаман иш кылууга түрткөн каалоолору болсо да, ал өзүн башкара билген. Пабыл: «Денемди сабап, кулга айландырып жатам»,— деген (1 Корунттуктар 9:27).
Жыйынтык. Азгырыкка туш болгондо эмне кыларыңды өзүң чечесиң.
Азгырык өтүп кетерин унутпа. 20 жаштагы Мелисса: «Мектепте окуп жүргөндө каршы туруш кыйын болгон азгырыктардын азыр болбогон эле нерселер экенин түшүнөм,— дейт.— Ушулар жөнүндө ойлонгонумда азыр туш болуп жаткан азгырыктардын да өтүп кетерине, кийин артка кылчая карап, азгырыкты четке какканым үчүн жакшы жашап жатканыма сүйүнөрүмдү билем».